Зеленский: «Моди Орусия-Украина согушун токтотууда натыйжалуу болушу мүмкүн»
The Times of India гезитине берген билдирүүсүндө Зеленский Моди Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө отургуза аларын билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусия-Украина согушун токтотууда "натыйжалуу болушу мүмкүн" деп билдирди.
The Times of India гезитине берген билдирүүсүндө Зеленский Моди Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө отургуза аларын билдирген.
Сүйлөшүүлөрдүн Индияда өткөрүлүшү мүмкүн экенине көңүл бурган Зеленский: «Моди Украина согушун токтотууда эффективдүү болушу мүмкүн»,-деп айтып, бул таасир Модинин ар кандай чыр-чатакты чечүүдөгү баалуулугун көрсөтөөрүн билдирди.
Зеленский Орусияга анын экономикасына жана арзан энергия булактарына бөгөт коюу менен кысым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Индия,Батыш өлкөлөрү Украина тарапка өткөн согушта Орусияны тикелей сындоодон качса да, согушту токтотуу үчүн дипломатияга жана диалогго көп чакырат.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиянын президенти Владимир Путинге июль айында Орусияга жасаган иш сапарында “урматтуу дос” катары кайрылды. Бирок Украинанын президенти Зеленский Модинин Орусияга жасаган сапарына реакция жасаган.
Моди август айында Украинага барган.
Моди акыркы жолу Орусиянын Татарстан Республикасынын борбор шаары Казанда өткөн БРИКСтин лидерлер саммитинде Путин менен жолугушту.
Орусия менен Украинанын ортосундагы көйгөйлөрдүн тынчтык жолу менен чечилиши керектигин белгилеген Моди бул темада керектүү жардамды берүүгө даяр экендиктерин билдирди.