Сириядагы америкалык базаларга чабуул жасалды
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда саат 22.30 чамасында Дейр-эз-Зордогу Евфрат дарыясынын чыгышындагы Өмер мунай кениндеги база теги белгисиз камикадзе учкучсуз учуучу аппарат менен бутага алынды.
Сириянын Хомс жана Дейр-эз-Зор провинцияларындагы Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) күчтөрү жайгашкан Тенеф жана Өмер мунай талаасы аскердик базаларына кайдан келгени белгисиз камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу болду.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда саат 22.30 чамасында Дейр-эз-Зордогу Евфрат дарыясынын чыгышындагы Өмер мунай кениндеги база теги белгисиз камикадзе учкучсуз учуучу аппарат менен бутага алынды.
Кол салуудан кийин базанын аймагында сиреналардын үндөрү угулуп, АКШнын согуштук учактары аймактын асманында учту.
Андан соң Өмер мунай аянтындагы базасынан АКШ күчтөрү Евфрат дарыясынын батышында Иран колдогон топтор жайгашкан Хашам, Кафра, Хавице жана Мреййе айылдарын артиллерия менен бутага алды.
Бир тараптан АКШнын Хомс провинциясынын чөл аймагындагы Тенеф базасына бирден ашык камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу болду.
Базадагы абадан коргонуу системалары айрым учкучсуз учуучу аппараттарды бутага жете электе атып түшүрүп жатканда, белгисиз сандагы учкучсуз учуучу аппараттар да базага тийген.
Эки базада тең жоготуулар болгон-болбогону белгисиз.
Сирияда акыркы мезгилде АКШ армиясы Тенеф аймагында, Ирак чек арасына жакын Маликийе району, Хасеке провинциясынын Шаддади району жана Дейр-эз-Зор провинциясында америкалык армия жайгашкан базаларга белгисиз учкучсуз учуучу аппараттар, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар жана кургактан кургактыкка атуучу куралдар менен чабуулдар жасалууда.
Иран колдогон топтор маал-маалы менен Евфрат дарыясынын чыгыш жээгиндеги америкалык базаларга ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салышат.