Пезешкиан: «Израилдин агрессиясына ылайыктуу жооп кайтарабыз»
Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө караганда, Пезешкиан борбор шаар Тегеранда өткөн өкмөт жыйынында сөз сүйлөдү.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан согушту каалабай турганын, бирок өз укуктарын коргой турганын жана Израилдин агрессиясына ылайыктуу жооп кайтара тургандарын айтты.
Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө караганда, Пезешкиан борбор шаар Тегеранда өткөн өкмөт жыйынында сөз сүйлөдү.
Пезешкиан өз сөзүндө Израилдин өлкөсүнө жасаган чабуулуна токтолуп: «Биз согушту каалабайбыз, бирок улутубуздун жана өлкөбүздүн укуктарын коргойбуз. Сионисттик режимдин агрессиясына ылайыктуу жооп кайтарабыз»,- деди.
АКШнын Израилдин аймактагы агрессиясын колдогонуна көңүл бурган Пезешкиан, Израилдин аймактагы баскынчылыгы улана турган болсо чыңалуу күчөй турганын белгиледи.
Пезешкиан Батыш лидерлери Израилдин Газадагы кол салуулары токтотулат деп убада беришкенин, бирок аларды аткарбаганын дагы бир жолу кайталады.
Израиль Ирандын 1-октябрдагы ракеталык чабуулдарына «өч алуу» катары 26-октябрда Ирандагы аскердик буталарга кол салганын жана чабуулдун «ийгиликтүү» аяктаганын жарыялаган.
Иран Тегерандагы кээ бир аскердик пункттар менен өлкөнүн батышындагы Хузестан жана Илам провинцияларынын бутага алынганын жана абадан коргонуу системаларынын кол салууларга «ийгиликтүү» туруштук бергенин, бирок кээ бир жерлерде «чектелген зыян» болгонун жарыялаган.
Кол салууларда 4 аскер жана 1 жарандын каза болгондугу жарыяланды.