Израиль Газанын түндүгүндө кеминде 1000 кишини өлтүрдү, арасында журналисттер да бар

Жарандык коргонуу директорлугунун катчысы Махмуд Басал социалдык медиадан видео билдирүүсүндө Израил армиясынын Газанын түндүгүндө болжол менен 3 жумадагы кол салууларынан эң аз 1000 кишинин каза болгонун айтты.

2203721
Израиль Газанын түндүгүндө кеминде 1000 кишини өлтүрдү, арасында журналисттер да бар

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндө 3 жумадан бери уланткан кол салууларында кеминде 1000 палестиналык каза болду.

Жарандык коргонуу директорлугунун катчысы Махмуд Басал социалдык медиадан видео билдирүүсүндө Израил армиясынын Газанын түндүгүндө болжол менен 3 жумадагы кол салууларынан эң аз 1000 кишинин каза болгонун айтты.

Басал, Жибалия, Бейт Ханун жана Бейт Лахияда эң аз 100 миң кишинин блокадага жана кол салууларга дуушар болгонун, 100 миң кишинин Газа шаарына сүргүнгө чыгарылганын белгиледи.

Израиль армиясынын Газанын түндүгүндө блокададагы палестиналыктарга жардам алып келүүгө аракет кылгандардын баарын өлтүргөнүн белгилеген Басал, Израилдин эл аралык коомчулуктун унчукпаганан пайдланыпГазанын түндүгүндө «этникалык жок кылуу» саясатын ишке ашырып жатканын белгиледи.

Басал эл аралык мекемелерден Газанын түндүгүндөгү палестиналыктарды куткаруу үчүн тез арада чара көрүүнү суранды.

Бир тараптан Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кол салууларынан каза болгон журналисттердин саны 5ке жетти.

Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясында 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израиль армиясынын кол салуусуна дуушар болгон Газа тилкесинде шейит болгон журналисттерге байланыштуу маалымат берилди.

Алып баруучу жана программанын продюсери Надя Имад аль-Сейид менен радио каналдарында журналист болуп иштеген Абдуррахман Семир ат-Тананинин Израил күчтөрүнүн кол салуусунда каза болгондугу белгиленди.

Ошентип Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан бир күндө 5 журналист каза болду.

Израилдин Газа тилкесинде палестиналыктарга карай геноцид баштаган 2023-жылдын 7-октябрынан бери каза болгон басма сөз өкүлдөрүнүн саны 182ге жетти.



Тектеш кабарлар