Орус армиясы Измайловка конушун басып алды

Орусиянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берилди.

2203435
Орус армиясы Измайловка конушун басып алды

Орус армиясы Украинанын Донецк облусундагы Измайловка конушун басып алды.

Орусиянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө орус армиясынын Украинадагы позицияларын жакшыртканы белгиленип, «Борбордук Аскердик Топтун аскерлери активдүү аракеттеринин натыйжасында (Донецк Элдик Республикасы деп аталган) Измайловка конушун бошотту»,-деп айтылат.

Акыркы 24 саатта 134 аймакта Украинанын аскердик аэропортунун инфраструктурасы, учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү жана сактоо пункттарына, аскерлер жана аскердик техникалар жайгаштырылган пункттарга чабуулдар жасалганы, ок-дары жана күйүүчү май кампалары жок кылынганы айтылган билдирүүдө: «Аскердик операция башталгандан бери (2022-жылдын февралы)  Украина армиясына таандык 647 учак, 283 тик учак, 34 миң 565 учкучсуз учуучу аппарат (ПЧ), 584 абадан коргонуу ракеталык системасы, 18 миң 887 танк жана бронетехника, 1480 көп стволдуу ракета аткычтар, 16 миң 837 гаубицасы жана миномёту жана 27 миң 654 атайын аскердик техника жок кылынды»,делди.



Тектеш кабарлар