Кытай АКШга Тайван боюнча каршы чыкты
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул сатуу өлкөнүн эгемендигине жана коопсуздугуна зыян келтирерин, бул сатуунун “бир Кытай” принцибине жана АКШнын мурунку милдеттенмелерине карама-каршы келерин билдирди.
Кытай АКШнын Тайванга болжол менен 2 миллиард долларлык жер-аба ракеталык системаларын жана радар жабдууларын сатууну жактыруусуна катуу реакция кылды.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул сатуу өлкөнүн эгемендигине жана коопсуздугуна зыян келтирерин, бул сатуунун “бир Кытай” принцибине жана АКШнын мурунку милдеттенмелерине карама-каршы келерин билдирди.
Тайванга курал сатуунун жикчил күчтөргө туура эмес билдирүү бергени да айтылды.
АКШнын курал сатууну токтотуусун каалаган Кытай, АКШнын тийиштүү коргонуу өнөр жай ишканаларына санкция киргизе аларын жарыялады.
Тайвань болсо бул курал сатууну кубаттап, өзгөчө NASAMS системасынын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттыра турганын билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин кечээги билдирүүсүндө, «Улуттук жер-аба ракеталык системасы» (NASAMS) жана «AN/TPS-77» жана «AN/TPS-78» радар системаларынын Тайванга сатылышына уруксат берилгени билдирилди.
Билдирүүдө ракеталар үчүн 1 миллиард 160 миллион доллар, радар системалары үчүн 828 миллион доллар төлөнө турганы белгиленди.
Пекин администрациясы буга чейин Тайванга курал сатуу менен байланышы бар көптөгөн америкалык коргоо өнөр жайы ишканаларына санкция киргизүү чечимин чыгарган.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.