Израилдин Иранга кол салуусуна каршы чыгуулар уланууда

Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман ирандык кесиптеши Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2203372
Израилдин Иранга кол салуусуна каршы чыгуулар уланууда

Израилдин Иранга кол салуусуна каршы чыгуулар уланууда.

Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман ирандык кесиптеши Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Аймактагы абалдар талкууланган телефондогу сүйлөшүүдө Абдуррахман Израилдин кол салышын айыптап, муну Ирандын эгемендигинин жана эл аралык укуктун бузулушу катары көргөндөрүн белгиледи.

Бахрейндин Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Израилдин Иранга кол салуусу айыпталды.

Билдирүүдө Жакынкы Чыгышта чыңалуунун жана аскердик операциялардын уланып жатканына терең тынчсыздануу билдирилип, Газа тилкесинде жана Ливанда ок атышууну тез арада токтотуу зарылчылыгы баса белгиленди. Эл аралык коомчулукка токтоосуз, кеңири жана туруктуу ок атышпоо үчүн аймактагы жоопкерчиликтерин алууга чакырык жасалды.

Иорданиянын Тышкы иштер министрлиги да Иранга жасалган кол салууну “эл аралык укуктун бузулушу, эгемендиктин бузулушу жана аймактагы чыңалууну дагы да күчөткөн кадам” катары баалады.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги да эл аралык коомчулукту курчуп бараткан чыңалууну токтотууга чакырды.

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин баш катчысы Жассим Мохаммед аль-Будейви да кол салуу Ирандын эгемендигин бузуу экенин белгиледи.

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Иран менен тилектештикте экени белгиленди.

Исламий Жихад тарабынан жасалган билдирүүдө кол салуу «араб жана ислам өлкөлөрүнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч» катары бааланды.

Йемендеги хуситтер: «Израилдин Иранга кол салышы, аймактын элине жана эл аралык тынчтыкка каршы сионисттердин оолугуусунун уландысы»,-деп билдирүү жасады.

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги да Израилдин чек ара бузууларын, адамзатка каршы кылмыштарын жана эл аралык мыйзамдарга жана универсалдуу нормаларга каршы келген бардык аракеттерин айыптай турганын билдирди.

Япония менен Индия да Израилдин Иранга кол салуусуна тынчсыздануусун билдиришти.



Тектеш кабарлар