Египеттин тышкы иштер министри ирандык кесиптеши менен аймактагы окуяларды талкуулады

Египеттин тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Абдулати менен Аракчи телефон аркылуу сүйлөштү.

2203395
Египеттин тышкы иштер министри ирандык кесиптеши менен аймактагы окуяларды талкуулады

Израилдин кол салуусунан кийин Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдулати ирандык кесиптеши Аббас Аракчи менен аймактагы окуяларды талкуулады.

Египеттин тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Абдулати менен Аракчи телефон аркылуу сүйлөштү.

Израилдин Ливанга жасаган чабуулун токтотуу аракеттерин талкуулаган эки тарап, Газада ок атышпоо, аймакка шартсыз гуманитардык жардамдын келиши жана туткундардын (Газада) бошотулушун камсыз кылуу үчүн Египеттин Катар жана АКШ менен координациялык түрдө жасаган аракеттерин талкуулаганы жазылган.

Абдулати өлкөсүнүн аймактын коопсуздугуна жана ырааттуулугуна коркунуч туудурган жана ал жердеги абалды дагы да курчутуучу бардык бир тараптуу жана чагымчыл саясат жана амалдарды (Израиль тарабынан) айыптай турганын билдирди.

Израиль Ирандын 1-октябрдагы ракеталык чабуулдарына “өч алуу” катары Ирандагы аскерий буталарга чабуул жасаганын жарыялаган.

Иран борбор шаар Тегеран менен өлкөнүн батышындагы Хузестан жана Илам облустарындагы кээ бир аскердик пункттардын бутага алынганын, 4 аскердин каза болгонун жана кээ бир жерлерде «чектелген зыяндын» болгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар