Филиппиндеги бороондон каза болгондордун саны 126га жетти
Бороондон улам 5,7 миллион адам жер которгон жана 92 миңге жакын үй-бүлө эвакуация борборлоруна баш калкалады.
2203436
Филиппиндин түндүк-чыгышында Трами тропикалык бороону себеп болгон жамгыр, сел жана жер көчкүлөрдүн натыйжасында каза болгондордун саны 126га жетти.
Бороондон улам 5,7 миллион адам жер которгон жана 92 миңге жакын үй-бүлө эвакуация борборлоруна баш калкалады.
27 миңден ашык үй жабыркаган. Ошондой эле селден 520 жол жана 84 көпүрө зыян тарткан.
Бороондун кесепетинен айыл чарба жерлери жана инфраструктура олуттуу зыянга учураганы болжолдонууда.
Тектеш кабарлар
Орусия-Украина окуялары
Орусиянын жаратылыш газ платформасына кол салуу болду, Орусия да Украинанын шаарларын бутага алды.