Путин : "Европага газ өткөрүү үчүн альтернатив бар"

Путин Россиянын мамлекеттик Россия - 24 каналына берген маалыматында Украина менен жыл аягында бүтө турган орус газын Европага жеткирүүгө байланыштуу келишим процессине баа берди.

2203225
Путин : "Европага газ өткөрүү үчүн альтернатив бар"

Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын орус газын Европага жеткирүү келишимин узартууну каалабагандыгын белгилеп : «Орус газын европалык керектөөчүлөргө жеткирүүнүн ар кандай жолдору бар жана биз бул газ жеткирүүнү ишке ашыруудан баш тартпайбыз",- деди.  
Путин Россиянын мамлекеттик Россия - 24 каналына берген маалыматында Украина менен жыл аягында бүтө турган орус газын Европага жеткирүүгө байланыштуу келишим процессине баа берди.

Украинанын келишимди узартуу үчүн 2024 - жылдын июль айында чейин кадам ч таштоосу керектигин белгилеген Путин : «Менин билишимче, Украина тарабынан бул багытта изилдөө жүргүзүү үчүн эч кандай аракет жасалган жок»,-деди.

Россиянын  Украина жолу аркылуу орус газынташуудан баш тартпаганын айткан Путин :«Бирок Украина муну  кылбай тургандай көрүнүүдө. Украинанын жаратылыш газ боюнча жетекчилери орус тарап менен транзиттик келишимди узартпай тургандарын билдиришти. Бул да алардын бул жолду жабышты дегенди билдирет.",- деди. 

Украинанын Министрлер кеңеши орус жаратылыш газынын Украина аркылуу Европага өтүшүн камсыз кылган келишимдердин 2024 - жылдан кийин узартылбай турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар