Израиль ооруканада эки баланы өлтүрдү
Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Кемал Адван ооруканасындагы абалдын "барган сайын тынчсыздандыруучу" абалга келгендиги билдирилди.
Израиль армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү Кемал Адван ооруканасын бутага алган кол салууда реанимацияда жаткан 2 бала каза болду.
Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Кемал Адван ооруканасындагы абалдын "барган сайын тынчсыздандыруучу" абалга келгендиги билдирилди.
Оорукана ичинде 195 жаралуу жана бейтап, 70 кызматкер менен бирге 600 кишинин болгондугу билдирилген маалыматта Израиль армиясынын ооруканада рейд жүргүзгөндүгү жана түрдүү бөлүмдөргө ок аткандыгы маалымдалды.
Кычкылтек баллонунун бутага алынышынын натыйжасында оорукананын генераторлорунун токтогондугу, ошондуктан реанимацияда жаткан 2 баланын каза болгондугу, окуяларда ооруканадагы 3 медайым жана тазалык кызматкеринин жаракат алганы белгиленди.
Израиль армиясынын 3 тез жардам унаасы менен оорукана ичиндеги күн панелинен электр энергиясын өндүрүү системасын жараксыз абалга келтиргени жана бул абалдын кризисти дагы да тереңдеткендиги баса белгиленди.
Эл аралык мекемелерге "оорукананын ичиндеги адамдардынкоопсуздугун түзүү жана оорукананын зарыл болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн кыймылга өтүүгө" чакырык салынды.