Иран : "Израилге каршы мыйзамдуу өзүн өзү коргоо укугуна ээ"

Ирандын тышкы иштер министрлиги Израилдин ракеталык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2203265
Иран : "Израилге каршы  мыйзамдуу өзүн өзү коргоо укугуна ээ"

Иран Израилдин чабуулунан өзүн коргоого укуктуу экенин жарыялады.

Ирандын тышкы иштер министрлиги Израилдин ракеталык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө кол салуу айыпталып, Израилдин Ирандагы “аскердик объектилерге каршы агрессивдүү аракеттери” эл аралык мыйзамдарга терс экендиги айтылды.

"Ирандын жооптуу органдары тарабынан көп жолу баса белгилегендей, Иран өзүн чет элдик кол салууларга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51 - беренесинде камтылган өзүн өзү коргоо укугуна  таянуу менен  коргоо укугуна  ээ деп эсептейт", - деп айтылат билдирүүдө. 

Билдирүүдө кол салууну айыптаган өлкөлөргө ыраазычылык билдирилип, Ирандын өз элинин коопсуздугун жана турмуштук кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно тургандыгы баса белгиленди.

«АКШ  жана кээ бир батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен Газада геноцид кылган жана Ливандагы агрессиясын улантып жаткан Израилдин аймактагы коопсуздуктун жана чыңалуунун булагы экени билдирилди.

Министрлик БУУнун геноцид кылмышын алдын алуу жана жазалоо боюнча конвенциясына жана 1949-жылдагы Женева конвенциясына мүчө бардык мамлекеттерди эл аралык укукту жана БУУнун Уставын одоно бузган Израилге каршы чукул жана биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар