Иордания : "Иранга карата кол салууда аба мейкиндигибизди колдондурган жокпуз"
Бул тууралуу Иордания армиясы маалымат берди.
2203271
Иордания армиясы Израилдин Ирандын кээ бир аймактарын бутага алган кол салуусунан кийин эч бир аскердик учактын өлкөнүн аба мейкиндигинен өтүшүнө уруксат бербегенин жарыялады.
Армиядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Аймакта согушуп жаткан тараптар тарабынан эч кандай аскердик учактын Иорданиянын аба мейкиндигин кесип өтүшүнө уруксат берилген жок",- деп айтылды.
Билдирүүдө, куралдуу күчтөрдүн акыркы сааттарда болгон аскердик чыңалууга жакындан байкоо салганы билдирилип, Королдук аба күчтөрүнүн окуяларды абдан көңүл буруу менен байкагандыгы жана мекенди коргоого даяр экени баса белгиленди.