Путин - Аббас жолугушуусу

Россиянын президенти Владимир Путин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен Палестинадагы абалдар тууралуу сүйлөштү.

2202922
Путин  - Аббас жолугушуусу

Россиянын президенти Владимир Путин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен Палестинадагы абалдар тууралуу сүйлөштү.

Россия Федерациясына караштуу Татарстан Республикасынын борбор шаары Казанда болгон БРИКС саммитинде Путин Аббас менен жолугушту.

Путин август айында Аббас менен өкөргөн жолугушуудан бери Жакынкы Чыгыштагы абалдын начарлагандыгына көңүл буруп, Газада 40 миңден ашуун кишинин каза болгондугун, Ливанда жана Жакынкы Чыгыштын башка аймактарында абалдын начарлагандыгын айтты.

Россиянын мамилесинин принциптүү экендигин баса белгилеген Путин : «Кан төгүүнүн тез арада токтотулушун жана жардамга муктаж адамдарга гуманитардык жардамдын жеткирилишин жактайбыз, бардык тараптарды сабырдуулукка чакырабыз»,-деди.

Путин аймакта туруктуу тынчтыктын эл аралык укуктун негизинде Израиль менен тынчтык жана коопсуздукта бирге жашай турган көз карандысыз жана эгемендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшү менен гана мүмкүн болорун баса белгиледи.

Палестинанын мамлекет башчысы Аббас да БРИКС саммитинин негизиндеги иш  -  чаралардын чоң таасир жараткандыгын белгилеп, бир күн БРИКСтын ишерине мүчө, өнөктөш же байкоочу катары катышууну каалашкандырын айтты.

Аббас : «Палестналыктар Батыш Шериадан чыкпай тургандай эле  Газадан да кетишпейт. Бул абдан маанилүү нерсе. Нетаньяху палестиналыктарды өз жерлеринен чыгарууга аракет кылып жатат бирок биз буга жол бербейбиз»,- деди.



Тектеш кабарлар