Йеменде полиомиелит

"Бүткүл дүйнөлүк полиомиелитке каршы күрөшүү күнүнө" карата биргелешкен билдирүү жарыяланды.

2202827
Йеменде полиомиелит

Йеменде акыркы 3 жылда полиомиелиттин 273 учуру катталды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Йемендеги кеңселеринен "Бүткүл дүйнөлүк полиомиелитке каршы күрөшүү күнүнө" карата биргелешкен билдирүү жасашты.

Билдирүүдө: "Йемен уланып жаткан гуманитардык кризис жана эмдөөлөрдүн төмөн көрсөткүчтөрүнөн улам акыркы 3 жылдагы 273 учур менен полиомиелит вирусунун эпидемиясы менен күрөшүн улантууда" деген сөздөр камтылды.

Көрсөткүчтөргө караганда, полиомиелиттин Йеменде көптөгөн балдардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жатканы айтылган билдирүүдө, бул оорунун "туруктуу, айыккыс шал оорусуна же өлүмгө алып келиши мүмкүн" экени, мунун да эмдөө менен гана алдын алынса болору эскертилди.

Билдирүүдө ошондой эле: «2020-жылга чейин полиомиелиттен кутулган Йеменде саламаттык сактоо системасынын алсыздыгы жана социалдык, саясий жана коопсуздук кризисинен улам 2022-жылы 58 пайыз болгон эмдөө көрсөткүчтөрү 2023-жылы 46 пайызга төмөндөдү",-деп кабарланды. 



Тектеш кабарлар