Галлант Иранга кол салуу планын жактырды
Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын аты аталбаган булакка таянып берген кабарына караганда, Галлант менен Халеви Иранга кол салуу планын бекитишти.
Израилдин коргоо министри Йоав Галлант менен башкы штабдын төрагасы Герци Халевинин Иранга кол салуу планын бекиткени, өкмөттүн датага байланыштуу чечиминин күтүлүп жатканы айтылды.
Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын аты аталбаган булакка таянып берген кабарына караганда, Галлант менен Халеви Иранга кол салуу планын бекитишти.
Кабарда кол салуу датасы үчүн болсо өкмөттүн уруксаты күтүлүп жатканы белгиленди.
Бир тараптан Израиль армиясынын радиосуна маалымат берген бир өкүл, Иранга кол салуу үчүн даярдыктарды камтыган Америка чалгындоо документтеринин ачыкка чыгышынан кийин Тель-Авив башкаруучулугунун кол салууну кийинкиге калтырууга мажбур болгондугу жөнүндөгү кабардын чындыкка дал келбегенин жактады.
Атын атагысы келбеген кызматкер, Израилдин кол салуу үчүн "ыңгайлуу убакытты тандай турганын" айтты.
Иран 1-октябрда Израилге ракеталык чабуул жасаган. Тель-Авив администрациясы Ирандын бул кол салуусуна жооп кайтарарын жарыялаган.