Израилдин Ливанга кол салууларында каза болгондордун саны өсүп баратат

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль армиясынын өлкөнүн көптөгөн жерлерине абадан кол салууларын улантканы белгиленди.

2202426
Израилдин Ливанга кол салууларында каза болгондордун саны өсүп баратат

Израиль армиясынын Ливанга кол салууларынан каза болгондордун саны 28ге көбөйүп, 2574кө жетти.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль армиясынын өлкөнүн көптөгөн жерлерине абадан кол салууларын улантканы белгиленди.

Билдирүүдө Израилдин кол салууларынан кечээ дагы 28 кишинин каза болгону, 139 кишинин жараланганы, 2023-жылдын 8-октябрынан бери Ливанга кол салууларда каза болгондордун саны 2 миң 574кө, жаракат алгандардын саны 12 миң 1ге жеткени белгиленди.

Израилдик согуштук учактардын борбор шаар Бейруттун түштүгүндөгү Дахиеге абадан кол салуусунда Ливанда жайгашкан Al Mayadeen каналынын кеңсеси да бутага алынды.

Кол салууда кеңсенин толугу менен кыйрап, өрт чыкканы, телеканалдын жетекчилигинин кол салуудан мурда кеңсени эвакуациялаганы билдирилди.

Израилдин бомбалоосунан улам Ливанда жүз миңдеген адамдардын жер которгондугу болжолдонууда.

Өлкөнүн түштүк аймактарынан борбор шаар Бейрутка жана түндүгүнө карай миграция толкуну уланып жатканда, Ливан өкмөтү жер которгон 486 миңден ашуун кишинин Сирияга көчүп кеткенин жарыялады.



Тектеш кабарлар