Палестина "кепин жибеүүгө" чакыруу салды
Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги Газадагы гуманитардык кризис тереңдеп бараткан бул күндөрү дүйнөлүк коомчулукка чакыруу салды.
Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги, Израилдин Газа тилкесинде бир жылдан ашык убакыттан бери жасаган кол салууларында каза болгондорго кепин жөнөтүлүшүн талап кылды.
Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги Газадагы гуманитардык кризис тереңдеп бараткан бул күндөрү дүйнөлүк коомчулукка чакыруу салды.
Министрликтин билдирүүсүндө эл аралык коомчулуктун Газадагы элди коргоо жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз экендиги баса белгиленип, каза болгондорду сый-урмат менен көмүү үчүн жок дегенде кепин жөнөтүлүшү талап кылынды.
Билдирүүдө: «Бул биздин дүйнөгө чакырыгыбыз: элибизди коргоо жана баш калкалоочу жай менен камсыз кылууда ийгиликсиз болгон жана азык - түлүк менен дары-дармектин киришин камсыз кыла албаган дүйнө, жок дегенде шейиттерибиздин сөөгүн жабуу үчүн кепин жөнөтүү үчүн аракет кылгыла",- деп айтылды.
Израилдин Газа тилкесине 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери жүргүзүп келе жаткан кол салууларында болжол менен 17 миңи бала, 11 миң 378и аял болгон 42 миң 718 палестиналык каза болуп, 100 миң 282 киши жараланды.
Урандылардын астында дагы миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилүүдө. Кол салууларда эл баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.