Израиль аскерлери 11 жаштагы баланы өлүрдү
Израиль аскерлери оккупацияга алган Батыш Шериада жараланган 11 жаштагы палестиналык бала каза болду.
Израиль аскерлери оккупацияга алган Батыш Шериада жаралаган 11 жаштагы палестиналык бала каза болду.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда Израиль аскерлеринин Наблуста бир палестиналыкты кармагандан кийин чегинип жатып Абдуллах Жемал Хеваш аттуу таланы жаралагандыгы билдирилди.
Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда да Батыш Шерианын Наблус шаарында Израиль аскерлери оор жаралаган 11 жаштагы бала куткарыла алган жок.
Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста 2023 - жылы 7 - октябрдан бери Израиль аскерлери менен Палестина жерлерин басып алган израилдиктердин кол салууларында 166сы бала болгон 760 киши каза болду.
Израилдин Газа тилкесине кол сала баштаган күндөн бери оккупация астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста да палестиналыктарга карата камоо, рейд жана кол салуулар көбөйдү.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.