Түштүк Корея, Британия : "Түндүк Кореянын Россияга аскер жиберишин айыптайбыз"
Түштүк Корея менен Британия «Түндүк Кореянын Украина менен согушунда Россия тарапта согушуу үчүн аскер жиберишин» айыптады.
Түштүк Корея менен Британия «Түндүк Кореянын Украина менен согушунда Россия тарапта согушуу үчүн аскер жиберишин» айыптады.
Йонхаптын кабарына караганда Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Тэ Юл жана борбор шаар Сеулга барган Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Ламми Түндүк Кореянын Россияга колдоо көрсөтүү максатында Украинага аскер жибергендиги тууралуу биргелешкен маалымат беришти.
Маалыматта : «Түндүк Кореянын мыйзамга терс курал трансферлерин улантуусун жана Москванын Украинадагы мыйзамга терс согушту колдоо үчүн аскер жиберишин күчтүү айыптайбыз»,- деп айтылды.
Россиянын «аскер жана курал жиберүү үчүн Түндүккө эмне берип жаткандыгы көзөмөлдөнүүдө» деп билдирилген маалыматта Москванын Пхеньянга өзөктүк же баллистикалык ракеталык технологиянын берилишинен «терең тынчсыздануунун болуп жаткандыгы» билдирилди.
Түштүк Корея 18 - октябрда Түндүк Кореянын Россияга колдоо көрсөтүү үчүн Украинага 10 миңдей аскер жөнөтүүнү пландап жаткандыгын билдирген.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте бул маалыматты азырынча тастыктай албастыгын билдирген.
АКШнын коргоо министрлиги (Пентагон) да Түндүктүн Россияга колдоо көрсөтүү максатында Украинага аскер жибергендигине байланыштуу айтылгандарды аныктай албагандарын жана изилдөөлөрдүн улантылып жаткандыгын билдирген.
Россиянын президенттик сарайы Кремлдин катчысы Дмитрий Песков кечээ Түндүк Корея армиясынын Россияда бар же жок экендиги жана Украинадагы «атайын аскердик операцияга» катышып же катышпагандыгы тууралуу суроого : «Бул атайын аскердик операциянын жүргүзүлүшү тууралуу суроо. Коргоо министрлиги менен байланыш түзүүңөр керек»,- деп жооп берген.