Гутереш Израилди айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерреш Израилди Бейт Лахия жана Газа тилкесиндеги кол салуулардын натыйжасында жоготуулардын көбөйүшүнөн улам  айыптады.

2201401
Гутереш Израилди айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерреш Израилди Бейт Лахия жана Газа тилкесиндеги кол салуулардын натыйжасында жоготуулардын көбөйүшүнөн улам  айыптады.

БУУнун басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак күнүмдүк маалымат жыйынында Гутеррештин реакциясын билдирди.

Хак Израилдин Бейт Лахияга кол салуусунун натыйжасында аялдар жана балдар да болгон ондогон кишинин каза болгонуна көңүлдөрдү буруп : "Башкы катчы Газадагы жоготуулардын барган сайын көбөйүшүн катуу айыптады",-  деди.

Хак башкы катчынын Газанын түндүгүндөгү абалдын начарлашына жана массалык жер которуулардан терең тынчсызданганын белгиледи.

Гутеррештин жарандардын ар дайым коргоого алынышы  керектигин баса белгилеген Хак, гуманитардык жардам жана издөө куткаруу топторуна жеткиликтүүлүктүн камсыздалышы керектигин айтты.

Хак Гутеррештин Израилдин ооруканаларга кол салууларынын ансыз да  начар болгон гуманитардык кризисти тереңдеткенин белгилеп : «Ооруканалар бутага алынбашы керек»,-деди.

Башкы катчынын тез арада ок атышпоо чакырыгын кайталаганын белгилеген басма сөз катчы, эл аралык гуманитардык укук тармагындагы эреже  бузуулардын жогорку   деңгээлде экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар