АКШдан Украинага жаңы жардам

Владимир Зеленский өлкөсүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан АКШнын коргоо министри Ллойд Жеймс Остинди кабыл алды.

2201303
АКШдан Украинага жаңы жардам

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинага 400 миллион долларлык жаңы коргонуу жардамын бере тургандарын жарыялады.

Украинанын Президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, президент Владимир Зеленский өлкөсүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан АКШнын коргоо министри Ллойд Жеймс Остинди кабыл алды.

Жолугушуунун алдында сөз сүйлөгөн Зеленский АКШга өлкөсүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Зеленский ошондой эле Орусия-Украина согушу башталгандан бери (2022-жылдын февраль) АКШнын Киевге көрсөткөн жардамынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

АКШнын Украинага колдоосун уланта турганын маалымдаган Остин: «Бүгүн Украинага ок-дары, аскердик техника жана курал үчүн 400 миллион доллардык Президенттик жардам пакетинин бөлүнгөнүн билдиргим келет»,-деди.

Украинанын Коргонуу байланыш тобун дагы бир жолу чогултууну каалаганын белгилеген Остин: «Украинанын жеңишке жетиши үчүн 50дөн ашуун өлкөдөн турган коалиция менен Украинага коопсуздук жардамын көрсөтүүдөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар