Рютте : «Киевтин келечектеги орду НАТОдо»
НАТОнун жаңы баш катчысы нидерландиялык Рютте Чоң жетиликтин (G7) Коргоо министрлеринин жолугушуусуна барган Италиядагы RAI 3 телеканалына билдирүү жасады.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Орусия-Украина согушунда Киевге жөнөтүлгөн курал-жарактарга чектөө киргизбесе жакшы болорун, бирок бул боюнча чечим союздаштарга таандык экенин айтты.
НАТОнун жаңы баш катчысы нидерландиялык Рютте Чоң жетиликтин (G7) Коргоо министрлеринин жолугушуусуна барган Италиядагы RAI 3 телеканалына билдирүү жасады.
Украинага колдоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн куралдардын Орусия аймагындагы кол салууларда колдонулушу тууралуу кээ бир союздаш өлкөлөр арасындагы талкууга токтолгон Рютте: «Киев күчтүү позицияда сүйлөшүү үстөлүнө келиши үчүн чоң жардамга муктажбыз. НАТО жагынан чектөөлөрдү киргизбөө дагы жакшы болот, бирок чектөөлөрдү киргизүү же киргизбөө союздаштардын милдети. Бул НАТОнун колунда эмес, менимче, чектөөлөрдөн качуу жакшы болмок»,-деп айтты.
Рютте: «Негизгиси Киевде орус агрессиясына каршы зарыл болгон нерселердин бардыгына ээ болушун камсыздоо жана бардык союздаштар макулдашкандай күчтүү позициядан сүйлөшүү»,-деди.
Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу Рютте : «Киевтин келечектеги орду НАТОдо. Эгер Орусия Украинада ийгиликтүү болсо, мунун Италиянын жана бүткүл НАТОнун коопсуздугуна чоң таасир этээри анык»,- деп өз баасын берди.
«Кытай Украинадагы согушта Орусияга ишенимдүү колдоо көрсөтөт. Бул Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берет»,-деп айткан Марк Рютте Кытайга каршы сергек болуу керектигин, ошол эле учурда Пекин менен диалогдун улантылышы керектигин айтты.
Украинада тынчтыктын тез арада орнотулушу керектигин белгилеген баш катчы: «Бул мага да, Украинага да көз каранды эмес. Муну орустар баштады. (Орусиянын президенти Владамир) Путин бул жерде агрессор тарап. Ал тургай баарын азыр токтото алат жана ушул жол менен тынчтыкка да жетише алабыз»,-деди.