Израиль 1 жашка чейинки 876 ымыркайды өлтүргөн

Израилдин кол салууларынан улам каза болгондорго байланыштуу Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирүү жасалды.

2200782
Израиль 1 жашка чейинки 876 ымыркайды өлтүргөн

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде 1 жашка чейинки 786 ымыркайды өлтүргөнү жарыяланды.

Израилдин кол салууларынан улам каза болгондорго байланыштуу Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирүү жасалды.

Израиль армиясынын Газа тилкесинде 1 жыл ичинде бир жашка чейинки 786 ымыркайды өлтүргөнүн жана бул сандын аймактагы ымыркайлардын 6 пайызына туура келгени билдирилди.

Газада ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган балдардын санынын 35 миң 55 болгону белгиленди.

Израилдин Газадагы кол салууларында каза болгон 1206 үй-бүлөнүн каттоолорунун калктын санынан өчүрүлгөнү билдирилди.

Израилдин кол салууларында каза болгондордун 41 пайызынын эркектер, 59 пайызынын аялдар, балдар жана карылар экени белгиленди.

Кол салууларда каза болгон эркектердин 31 пайызынын 18-40 жаш арасында экени белгиленди.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларынан болжол менен 17 миңи бала жана 11 миң 378и аял болгон 42 миң 603 палестиналык каза болуп, 99 миң 795 палестиналык жаракат алды.

Урандылардын астында дагы эле миңдеген набыт болгону билдирилсе, кол салууларда адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып, жарандык инфраструктура да талкаланууда.



Тектеш кабарлар