Израиль Газа тилкесинин түндүгүнө катуу кол салды...
Өкмөттүн Газадагы басма сөз кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин согуштук учактарынын Мешру Бейт Лахиядагы отурукташуу жерлерине катуу кол салуулары менен коркунучтуу кыргын кылганы белгиленди.
Израиь армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Мешру Бейт Лахия аймагына кечээ кол салуусунан каза болгондордун саны 87ге жетти.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Мешру Бейт Лахияга кол салууда каза болгондордун саны урандылар астында калгандар менен бирге 87ге жеткени, 40тан ашуун кишинин жараланганы белгиленди.
Өкмөттүн Газадагы басма сөз кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин согуштук учактарынын Мешру Бейт Лахиядагы отурукташуу жерлерине катуу кол салуулары менен коркунучтуу кыргын кылганы белгиленген.
Кол салууда көбү балдар жана аялдардан турган кеминде 73 палестиналыктын каза болгону, ондогон кишинин жараланганы жана дайынсыз жоголгондугу билдирилди.
Билдирүүдө сөз болгон кыргындын Газанын түндүгүндө саламаттык сактоо системасынын кыйрашы менен бир убакта кылынганы, Израиль армиясынын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен ооруканаларды тез арада эвакуациялоосун талап кылганы, күйүүчү майдын кире беришин тоскону, ошондой эле аймактагы байланыш жана интернет кызматтарын үзүп, терең гуманитардык кризиске алып келгени айтылды.
Израиль тарабынан кылынган жаңы кыргын жана аялдар менен балдарды этникалык тазалоосу айыпталган билдирүүдө, эл аралык коомчулук бул кылмыштарды айыптоого чакырды.
Билдирүүдө Газанын түндүгүндө, өзгөчө Жибалия качкындар лагеринде жана Месру Бейт Лахияда болгон геноцид үчүн бул кылмыштарга катышкан Израиль, АКШ, Англия, Германия, Франция жана башка өлкөлөрдүн жооптуу экени баса белгиленди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус Бейт Лахиядагы Индонезиянын ооруканасына болгон кол салууда 40 бейтап жана медициналык кызматкерлердин жараланганын белгилеп: «Оорукананын генератору атылып, электр жарыгысыз калды. Натыйжада оор абалда 2 бейтап каза болду»,-деди.
Саламаттык сактоо кызматтарынын корголушу керектигин баса белгилеген Гебреисус Газада тез арада ок атышпоо чакырыгын кайталады.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил армиясынын акыркы 24 саатта өзгөчө түндүктө Газа тилкесинин ар кайсы жерлеринде «7 кыргын» салганын, бул кол салууларда 84 кишинин каза болгонун, 158 кишинин жараланганын билдирди.
Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларынан каза болгондордун саны 42 миң 603кө, жаралуулардын саны 99 миң 795ке жетти.