Индонезияда президенттик шайлоодо жеңип чыккан Прабово Субианто ант берди

Antara News агенттигинин маалыматына ылайык, ант берүү аземи жаңы борбор шаар Нусантарада өттү.

2200671
Индонезияда президенттик шайлоодо жеңип чыккан Прабово Субианто ант берди

Индонезияда 14-февралдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Прабово Субианто ант берип, кызатын баштады.

Antara News агенттигинин маалыматына ылайык, ант берүү аземи жаңы борбор шаар Нусантарада өттү.

Индонезиянын 8-президенти болуп шайланган Субианто салтанатта ант берди.

Субианто өзүнүн билдирүүсүндө президент болуп турганда «элдин жана өз өлкөсүнүн таламдарын эске ала тургандыгын» билдирди.

Субианто тарабынан анын орун басары болуп дайындалган мурдагы президент Жоко Видодонун уулу Гибран Ракабуминг Рака да ант берди.

Субианто мурда коргоо министри, Гибран болсо Суракарта шаарынын мэри болгон.

Индонезиянын Шайлоо комиссиясы (KPU) 14-февралда өткөн президенттик шайлоодо Прабово Субианто добуштардын 58,6 пайызын алып, шайлоону алдыда бүтүргөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар