Газа тилкесинде абадан жардам кутучасынан бир бала каза тапты

Хан Юнустагы медициналык булак: «Качкындардын үй-бүлөсүнө жардам материалдары салынган куту түшүп, чатыр жараксыз болуп калган. Окуядан үй-бүлөнүн баласы каза болду»,-деди.

2200661
Газа тилкесинде абадан жардам кутучасынан бир бала каза тапты

Газа тилкесине жардам ташыган учактар ​​таштаган гуманитардык жардам кутуларынын бири Хан Юнус шаарындагы качкындар баш калкалаган чатырга түшүп кетип, палестиналык бир бала каза болду.

Хан Юнустагы медициналык булак: «Качкындардын үй-бүлөсүнө жардам материалдары салынган куту түшүп, чатыр жараксыз болуп калган. Окуядан үй-бүлөнүн баласы каза болду»,-деди.

Булактын билдиргенине караганда, акыркы үч күндөн бери Хан Юнустун батышындагы Меваси аймагына гуманитардык жардам парашют менен ташталууда.

17-октябрда аймактагы качкындардын чатырларына жардам кутучалары түшүп, бир палестиналык набыт болуп, бир нече киши жарадар болгон.

Газанын түштүгүнө абадан жардам берүү операциялары июль айында токтотулуп, 17-октябрда кайра башталган.

Хамастын башкаруучуларынын бири Сами Абу Зухри, Израиль армиясынын 15 күндөн бери катуу кол салууларына жана курчоосуна дуушар болгон Газа тилкесинин түндүгүнө гуманитардык жардам кирди деген ырастоолорду четке кагып, Израиль бул маселе боюнча жалган маалымат таратып жатканын түшүндүрдү.

«Эл аралык адам укуктары мыйзамдары жана эл аралык келишимдер ачык бузулган Газанын түндүгүндө болуп жаткан окуялар сөздүн түз маанисинде Палестина элине карат геноцид жана өлүм жазасына тартуу болуп саналат»,-деп айткан Абу Зухри эл аралык коомчулукту унчукпай туруусун бузууга чакырды.

Абу Зухри Израилдин кылган геноцидди жаап-жашыруу, Палестина элин изоляциялоо жана геноциддин чыныгы фотосүрөтүнүн дүйнөгө жетүүсүн алдын алуу үчүн Газанын түндүгүндө интернетти өчүргөнүн айтты.

Газаны 18 жылдан бери дүйнөнүн эң чоң ачык аба түрмөсүнө айландырган Израиль, кыргын жана ачарчылыктын көлөкөсүндө калтырып болжол менен 2,3 миллион палестиналыктын 2 миллионго жакыны жер которгон.



Тектеш кабарлар