G7 өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйналышы өттү

Италиянын Неаполь шаарында өткөрүлгөн Чоң жетиликтин коргоо министрлеринин биринчи жыйынынан кийин министрлер кабыл алган биргелешкен билдирүү жарыяланды.

2200701
G7 өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйналышы өттү

G7 өлкөлөрүнүн коргоо министрлери Ливандагы акыркы окуяларга, чыңалуунун күчөшү коркунучуна жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ливандагы Убактылуу Тынчтык күчтөрүнүн (UNIFIL) коопсуздугуна коркунуч туудурганына тынчсызданып жатышканын билдиришти.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Германия, Франция, Канада, Англия, Италия жана Япониядан турган G7 өлкөлөрүнүн коргоо министрлери, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин катышуусунда Италиянын Неаполь шаарында өткөрүлгөн Чоң жетиликтин коргоо министрлеринин биринчи жыйынынан кийин министрлер кабыл алган биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Жакынкы Чыгыштагы окуяларга байланыштуу билдирүүдө: «Газада ок атышууну токтоосуз токтотуу, бардык барымтадагыларды бошотуу, Газа боюнча гуманитардык жардам агымынын олуттуу жана үзгүлтүксүз көбөйүшү жана эки мамлекеттүү чечимге туруктуу жолдун зарылдыгын колдоодо бирдиктүүбүз», деген сөз колдонулган.

Билдирүүдө Газада гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн керектүү саясий процесстин башталышы керектиги баса белгиленип, «Газада туруктуу ок атышпоо, туруктуу коопсуздук абалынын камсыздалышы жана бейкүнөө жарандарга гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жана көбөйгөн түрдө жеткирилиши үчүн аракеттер улантылышы керектигин дагы бир жолу тастыктайбыз»,деген баалоо камтылган.

Билдирүүдө Ливандын Израилдин чабуулу астындагы абалына да токтолуп, «Биз Ливандагы акыркы окуяларга жана чыңалуунун мындан ары да күчөшү коркунучуна тынчсызданабыз. Биз UNIFILдин коопсуздугуна коркунуч туудурган бардык коркунучтарга тынчсызданабыз. Тынчтык күчтөрүн коргоо кагылышуунун бардык тараптарынын милдети болуп саналат», деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар