Путин : "Украинанын өзөктүк курал чыгаруусуна уруксат бербейбиз"
Владимир Путин борбор шаар Москвада БРИКС өлкөлөрүнүн басма сөз мекемелеринин өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Россиянын президенти Владимир Путин эч кандай шартта Украинанын өзөктүк курал чыгаруусуна уруксат бербей тургандарын айтты.
Владимир Путин борбор шаар Москвада БРИКС өлкөлөрүнүн басма сөз мекемелеринин өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин өзөктүк куралга ээ болуу тууралуу сөздөрүнө баа берген Путин «мунун башка бир көкүтүү" экендигин айтты.
Дүйнөдө «элиталык» куралдарды чыгаруунун мындан ары кыйын эмес экенине көңүл бурган Путин: «Украина муну (өзөктүк курал өндүрүү) кыла турган абалдабы же жокпу билбейм. Бирок бул коркунучтуу көкүтүү жана бул багытта таштала турган ар бир кадам ушуга окшогон каршы чыгууга дуушар болот",- деп баа берди.
Путин Украинадагы азыркы саясий башкаруунун буга чейин да ушундай билдирүүлөрдү жасаганына көңүл буруп: «Мындай коркутуу Россиянын ылайыктуу жооп кайтаруусуна жол ачат. Россия мунун болушуна эч кандай шартта жол бербейт»,-деди.
Украина тууралуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ачык экендиктерин билдирген Путин сүйлөшүүлөрдүн 2022 - жылы Стамбулда кол коюлган документтердин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин айтты.