Украинанын өзөктүк курал чыгара тургандыгы айтылууда

Немис гезити Bildдин курал - жарак тармагында иштеген украиналык бир жооптууга таянган кабарына караганда, Украина бир нече аптанын ичинде орус армиясына каршы колдонула турган өзөктүк куралды иштеп чыгышы мүмкүн.

2200258
Украинанын өзөктүк курал чыгара тургандыгы айтылууда

Украинанын орус армиясына каршы колдонула турган өзөктүк куралын бир нече аптанын ичинде жасап чыгарышы мүмкүн экендиги айтылууда.

Немис гезити Bildдин курал - жарак тармагында иштеген украиналык бир жооптууга таянган кабарына караганда, Украина бир нече аптанын ичинде орус армиясына каршы колдонула турган өзөктүк куралды иштеп чыгышы мүмкүн.

 

Булактын "Бизде керектүү компоненттер жана маалыматтар бар. Эгер көрсөтмө берилсе, биринчи бомбаны жасоого бир нече жума гана убакыт керек болот", - деп билдирген  Bild гезинин маалыматына караганда бул билдирүү бир канча ай мурда өз кабарчылары да катышкан жабык брифинг учурунда жасалган.

Бул сценарийдин Украинанын НАТО мүчөсү катары кабыл алынбай тургандыгы тууралуу чындык жана орус армиясынын андан кийинки аракеттерине көңүл бурулуп, кагылышуунун ыктымалдуу чечилишинен кийинки мезгил үчүн долбоорлонгондугу белгиленген кабарда украиналык жетекчинин : "Батыштын Россиянын кызыл сызыктары тууралуу дагы аз, Украинанын кызыл сызыктары тууралуу дагы көп  ойлоосу керек",- дегенине орун берилди. 

Буга чейин Владимир Зеленский Европа Кеңешинин жыйынынан кийин өткөргөн пресс  - жыйынында : "Украинанын алдында эки жол бар; өзөктүк куралдарга ээ болот же НАТОго кошулат. Муну АКШ сапарымда Дональд Трамп менен өткөргөн жолугушууда айттым",- деген.

 



Тектеш кабарлар