Украина жеңиш планын Европага көрсөтөт
Владимир Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө, 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан согушка байланыштуу акыркы абалга баа берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен согушту токтотуу максатында даярдаган Жеңиш планын ушул аптада “Европалык союздаштарына” сунуштай тургандарын билдирди.
Владимир Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө, 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан согушка байланыштуу акыркы абалга баа берди.
Бул согушту бүтүрүү үчүн Жеңиш планын даярдашкандарын эске салган Зеленский: «Орусияны согушту адилеттүү түрдө бүтүрүүгө мажбурлоо стратегиябызды (Жеңиш планын) ушул жумада бардык европалык өнөктөштөрүбүзгө сунуштайбыз»,-деди.
Зеленский планды украин элине тааныткандарын белгилеп, "Жеңиш планы өнөктөштөрдөн алган биринчи жооп менен албетте коомчулукка жарыяланат. Биз, Украинада баарыбыз, чындап эле максималдуу колдоого муктажбыз",- деп айтты.