Израилге реакциялар уланууда
Миңдеген адамдар Израилдин Газадагы геноцидине жана Ливандагы уланып жаткан кол салууларына реакция кылышты.
Израилдин Газа жана Ливанга кол салууларына дүйнө жүзү боюнча каршылык көрсөтүлүүдө...
Италияда УЕФАнын А лигасынын 2- тайпасында Италия менен Израилдин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши алдында Палестинаны колдоо жүрүштөрү өттү.
Италия Удине шаарында Израилди кабыл алып 4-1 эсебинде утуп алган беттеш, каршылык жүрүштөрү жана кеңири коопсуздук чараларынын коштоосунда өттү.
Миңдеген адамдар Израилдин Газадагы геноцидине жана Ливандагы уланып жаткан кол салууларына реакция кылышты.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында да бир жөөт тобу Нью-Йорк биржасынын алдында Палестинаны колдоо митингин уюштурду.
Жүздөгөн демонстранттар "Израилди куралдандырууну токтоткула" деген жазууларды көтөрүп турушту.
АКШ полициясы 200дөн ашуун демонстрантты кармап кетти.
Кубанын президенти Мигель Диас-Канел да борбор шаар Гаванада Палестинага колдоо көрсөтүү митингине катышты.
Көптөгөн киши катышкан митингде Израилди айыптаган ураандар чакырылды.