Вучич Эрдогандын Сербияга сапарына байланыштуу билдирүү бөлүштү

Александар Вучич президент Эрдогандын Сербияга сапары тууралуу социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү бөлүштү.

2197687
Вучич Эрдогандын Сербияга сапарына байланыштуу билдирүү бөлүштү

Сербиянын президенти Александар Вучич: "Бүгүнкү дүйнөнүн эң таасирдүү мамлекеттик ишмерлеринин бири болгон президент Режеп Тайип Эрдогандын сапары Сербия үчүн ар дайыма чоң сыймык" - деди. 

Александар Вучич президент Эрдогандын Сербияга сапары тууралуу социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү бөлүштү. 

Вучич Эрдогандын сапарынын, дүйнөнүн саясий жана экономикалык кыйынчылыктарга толгон күн тартибинде ишке ашып жатканы маанилүү экенин айтты. 

Сапардын эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө түрткү бергенин, тынчтыкты жана жыргалчылыкты эңсеген аймакка туруктуулук алып келгенин белгилеген Вучич мындай деди:

"Бүгүнкү дүйнөнүн эң таасирдүү мамлекеттик ишмерлеринин бири болгон президент Эрдогандын сапары Сербия үчүн дайыма чоң сыймык. Түркия менен Сербиянын кызматташтыгынын узак тарыхы бар жана бул сапарлар өзгөчө коопсуздук жана экономика тармактарында байланыштарды тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. Экономика бул сапардын эң маанилүү темаларынын бири. Түркия Сербиядагы эң маанилүү инвесторлордун бири жана бул сапарда жаңы долбоорлор жана инвестициялар, инфраструктуралык долбоорлор, энергетика жана соода маселелери талкууланат. Бул, өзгөчө учурдагы татаал глобалдык экономикалык шарттарда биздин өлкө үчүн өтө маанилүү".

Серб лидери оор учурларда эки тараптуу мамилелердин бекемделишинин маанилүү экенин жана мунун да Балкандарда тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылууда негизги ролду ойногонун билдирди.



Тектеш кабарлар