Куртулмуш менен Путин Ашхабадда жолугушту
Путин Куртулмушка президент Режеп Таййип Эрдогандын Казанда 22-24-октябрда боло турган Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан турган БРИКС саммитине катышуусун күткөнүн айтты.
2197720
Орусиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту.
Кремль сарайынан берилген маалыматка караганда, «Убакыт менен цивилизациянын байланышы - Заманбап дүйнөнүн жана өнүгүүнүн негизи" форумунда Путин Куртулмуш менен кыска маектешти.
Путин Куртулмушка президент Режеп Таййип Эрдогандын Казанда 22-24-октябрда боло турган Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан турган БРИКС саммитине катышуусун күткөнүн жана ал жерде Эрдоган менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү пландап жатканын айтты.