Газада каза болгондордун саны 42 миң 126га жетти
Израилдин Газага 371 күндөн бери улантып жаткан геноциди тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине карай кол салууларында каза болгондордун саны 42 миң 126га жетти.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 371 күндөн бери улантып жаткан геноциди тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында жасаган «4 кыргынында» 61 кишинин каза болгону, 231 кишинин жараланганы белгиленди.
Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 42 миң 126га, жаралуулардын саны 98 миң 117ге жеткени кабарланды.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле өлүктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.