БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газа күн тартиби менен чукул жыйын өткөрдү
Жыйында сөз сүйлөгөн Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (UNRWA) комиссары Филипп Лазарини Газанын гуманитардык кызматкерлер үчүн эң кооптуу жер экенин белгиледи.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши, Алжир жана Словениянын талабы боюнча Газа күн тартиби менен чукул жыйын өткөрдү.
Жыйында сөз сүйлөгөн Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (UNRWA) комиссары Филипп Лазарини Газанын гуманитардык кызматкерлер үчүн эң кооптуу жер экенин белгилеп, Газада 1 жылда 226 БУУнун кызматкери каза болгонун жарыялады.
Газада БУУнун кызматкерлерине кол салууларга Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Йылдыз да каршылык көрсөттү.
Палестиналык качкындарга жардам агенттигинин кара ниет жана саясий максаттуу каралоо кампаниясына дуушар болгонун белгилеген Ахмет Йылдыз : «Агенттиктин орду толтурулгус»,-деди.
Элчи Йылдыз Коопсуздук кеңешинин агенттикти коргоо үчүн чукул чара көрүшү керектигин баса белгиледи.
Палестинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Рияд Мансур да Израилдин Палестина элине жардам берүүгө аракет кылгандарды душман деп жарыялаганын баса белгиледи.
Рияд Мансур Израилдин ушул себептен дарыгерлерди, гуманитардык жардам кызматкерлерин, БУУнун кызматкерлерин жана журналисттерди өлтүргөнүн белгиледи.