Байден-Нетаньяху сүйлөшүүсү
Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер сүйлөшүүнүн "түздөн-түз" жана "жемиштүү" өткөнүн маалымдады.
2196773
Иранга кол салууга даярданып жаткан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер сүйлөшүүнүн "түздөн-түз" жана "жемиштүү" өткөнүн маалымдады.
Сүйлөшүүнүн болжол менен 30 мүнөткө созулганын айткан АКШнын басма сөз катчысы: «Президент менен Израилдин премьер-министри, албетте көптөгөн темаларды талкуулашты. Ирандын акыркы чабуулуна кандай жооп кайтарары тууралуу Израиль менен сүйлөшүүнү улантабыз»,- деди.
Мамилелери салкындаганы айтылган Байден менен Нетаньяху болжол менен 2 айдан кийин биринчи жолу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн болду.