Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газада 369 күндөн бери улантып жаткан геноциди тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 42 миң 10го жетти.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газада 369 күндөн бери улантып жаткан геноциди тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында жасаган «3 кыргынында» 45 кишинин каза болгону, 130 кишинин жараланганы белгиленди.
Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 42 миң 10го, жаралуулардын саны 97 миң 720га жеткени кабарланды.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле өлүктөрдүн бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.
Тектеш кабарлар
Угандада чагылгандын айынан 14 адам каза болду
Палабек качкындар лагериндеги чиркөөнүн чатырына чагылган түшкөнү билдирилди.
Индонезияда жанар тоо атылып, 8 адам каза болду
Атылуудан кийин лава агымы жеткен жанындагы айылда бир нече үй, анын ичинде монастыр күйүп кетти.