Байден "Милтон" бороонунан улам Германия жана Анголага сапарын жылдырды
Байдендин 10-15-октябрда алгач Германияга, андан соң президент катары Африкага алгачкы сапарынын алкагында Анголага бара турганы кабарланган.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден "Милтон" бороонуна байланыштуу окуяларга көз салуу үчүн Германия жана Анголага мурда пландалган сапарларын кийинкиге калтырды.
Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Президент Байден "Милтон" бороонунун багытын жана күчүн эске алып бороон-чапкынга даярдык процессин башкаруу жана «Хелен» бороонунан калган кыйроолор боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көз салуу үчүн Германия менен Анголага сапарын кечеңдетти» деп маалымдалды.
Байдендин 10-15-октябрда алгач Германияга, андан соң президент катары Африкага алгачкы сапарынын алкагында Анголага бара турганы кабарланган.
АКШнын Флорида штатынын жетекчилери, материкке жакындаган «Милтон» бороонунун 5-категорияга көтөрүлүшүнөн кийин ыктымалдуу кесепеттерди азайтуу үчүн эвакуация буйруктарын жарыялай башташкан.
Улуттук Ураган борбору, бороондун Мексика булуңунда «тездик менен күчтөнүүсүн улантканын» жана акырында 4-категорияга түшүп Флорида жээгине карай жолун улантканын билдирген.
Тектеш кабарлар
Украина : "Россиядагы 563 аскерибиздин жаназаларын өлкөгө алып келдик"
Бул тууралуу Украина согуштук туткундарга мамиле кылуу боюнча координациялык штабы билдирди.