Египеттен аймактык согуш эскертүүсү

Министр Абдулати Ирандын тышкы иштер министри Аббас Эракчи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2195769
Египеттен аймактык согуш эскертүүсү

Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдулати, Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун көлөкөсүндө аймактык согушка тартылбоого чакырды.

Египеттин тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, министр Абдулати Ирандын тышкы иштер министри Аббас Эракчи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки министр сүйлөшүүдө Ливан жана Газа тилкеси баш болгон Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты.

Сүйлөшүүдө Ливандагы жана Палестина аймактарындагы чыңалууну токтотуунун өтө маанилүү экени баса белгиленди.

Министр Абдулати өлкөсүнүн чыңалуунун күчөшүнө жана кагылышуунун жайылышына терең тынчсызданып жатканын айтып, мунун аймактык жана эл аралык тынчтык менен коопсуздук жагынан оор кесепеттерди көрсөтүп жатканын билдирди.

Египеттин Ливандын эгемендигинин бузулушун толугу менен четке какканына көңүл бурган Абдулати, тез арада ок атышпоонун түзүлүшү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1701-резолюциясынын шашылыш түрдө ишке ашырылышы керектигин дагы бир жолу кайталады.

Ирандын 1-октябрдагы Израилге ракеталык чабуулдарынан кийин Тель-Авив башкаруучулугунан “өтө күчтүү” өч алуу коркутуулары келген.

Израилдин коркутууларына жооп иретинде Ирандын аскерий өкүлдөрү, кандайдыр бир чабуулга Израилдин бардык энергетикалык объектилерин жана инфраструктурасын бутага алуу менен жооп кайтарарын жарыялашкан.



Тектеш кабарлар