Израиль Газада 146 дарыгерди өлтүрдү

Газа тилкесинде медициналык каражаттардын 83 пайызынын, дарылардын 60 пайызынын түгөнүп калганы маалымдалды.

2195450
Израиль Газада 146 дарыгерди өлтүрдү

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында 42 миңден ашуун жаран жана 146 дарыгер каза болду.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Газа тилкесинде медициналык каражаттардын 83 пайызынын, дарылардын 60 пайызынын түгөнүп калганы маалымдалды.

Израиль армиясынын Газа тилкесинде 7-октябрдан бери үзгүлтүксүз жүргүзгөн «кыргындары» жана кол салууларынын натыйжасында ар кайсы тармактарда кызмат кылган 146 дарыгердин каза болгондугу кабарланган билдирүүдө: «Курчоодогу Газа тилкесинин сыртында дарыланууга муктаж 25 миң оорулуу жана жаралуу бар» деп баса белгиленди.

Израиль бир жылдан бери Газа тилкесине гуманитардык жардам, медициналык буюм жана күйүүчү майдын киришине уруксат бербей келет.



Тектеш кабарлар