Байден жалпы согуш болоруна ишенбейт

Жо Байден Ак үйдө Израилдин Ливанга кол салуулары тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2194625
Байден жалпы согуш болоруна ишенбейт

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Жакынкы Чыгышта жалпы согуш болоруна ишенбегенин айтты.

Жо Байден Ак үйдө Израилдин Ливанга кол салуулары тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жакынкы Чыгышта жалпы согушту болтурбоо мүмкүнбү деген суроого Байден: "Мен толук масштабдуу согуш болоруна ишенбейм. Менимче, биз андан алыс боло алабыз" деп айтып, бирок бул үчүн «жасала турчу көп нерсе» бар экенин кошумчалады.

Америкалык күчтөр Израилге жардам берүү үчүн жөнөтүлөбү деген суроого болсо Байден, АКШнын ансыз деле Израилге жардам берип жатканын айтып: «Израилди коргойбуз»,- деди.



Тектеш кабарлар