Мексикада мигранттарды ташыган жүк ташуучу унаага ок атылды
Окуяда 6 мигранттын каза болгондугу, 10 кишинин жараланганы белгиленди.
Мексикада жүк ташуучу унаага ок атылып, 6 мыйзамсыз мигрант каза болду.
Мексиканын Коргоо министрлиги, Гватемала чек арасындагы Чиапас штатында Египет, Непал, Куба, Индия жана Пакистан тектүү 33 мыйзамсыз мигрантты ташыган жүк ташуучу унаага ок атылгандыгын кабарлады.
Билдирүүдө куралдын үнүн уккан 2 мексикалык аскердин жүк ташуучу унаага ок чыгарганы, окуяда 6 мигранттын каза болгондугу, 10 кишинин жараланганы белгиленди.
Окуя боюнча иликтөө иштеринин уланып жатканын маалымдаган жетекчилер, ок аткан 2 аскердин кызматтан алынганын жарыялашты.
Жетекчилер жүк ташуучу унаада курал бар же жок экендиги тууралуу билдирүү жасаган жок.
Тектеш кабарлар
Путин Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк келишимин жактырды
Бекитилген макулдашуу өлкөнүн Укуктук маалымат системасында жарыяланды.