Гутерриш БУУнун отурумунда сөз сүйлөдү
Антонио Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ливандагы окуяларга байланыштуу чукул сессияда сөз сүйлөдү.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш Израилдин Ливанга карай бир жылдан бери уланткан кол салууларында 100ү бала жана 194ү аял болгон 1700 кишинин каза болгонун айтып: «Жакынкы Чыгыштын ар кайсы аймактарында күйүп жаткан өрт тездик менен тозокко айланууда»,-деп эскертти.
Антонио Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ливандагы окуяларга байланыштуу чукул сессияда сөз сүйлөдү.
Гутерриш «Көгүлтүр сызыкта» чыңалуу жылдардан бери уланып жатканын, бирок өткөн жылдын октябрь айынан бери кагылышуунун күчү жана тереңдиги өскөнүн белгиледи. Чыңалуунун ансыз деле «трагедиялуу түрдө көбөйгөнүн» баса белгилеген Гутерриш: «Көбөйүү ушунчалык трагедиялуу болгондуктан, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1701 резолюциясынан эмне калганы тууралуу суроону койбой коюуга болбойт»,-деди.
Гутерриш Израилдин Бейрут да болгон Ливандын ар кайсы жерине абадан кол салганын эске салып, АКШ менен Франциянын өткөн аптадагы ок атышпоо сунушун Израиль тарабынан четке кагылганын белгиледи.
Тескерисинче Израилдин кол салууларын көбөйткөнүн белгилеген Гутерриш, Израилдин Ливандын түштүгүнө «чектелген» кургактыктан кол салганын да билдирди.
БУУнун баш катчысы : «Өткөн жылдын октябрынан бери Ливанда 1700 киши набыт болду. Алардын 100ү балдар, 194ү аялдар»,-деп айтты.
Ливанда болжол менен 346 миң кишинин жер которгондугун белгилеген Гутерриш, Хизбулланын Израилге ракеталык кол салууларынын уланып жатканын, бул алкакта 49 кишинин каза болгонун белгиледи.
Өткөн жылдын октябрынан бери Израилдин Газадагы кыйратуусунун болуп көрбөгөндөй деңгээлде экенине көңүл бурган баш катчы, эми Газада ок атышпоо, туткундарды бошотуу жана эки мамлекеттүү чечим үчүн аракет кылуу зарыл экенин дагы бир жолу баса белгиледи.
«Жакынкы Чыгыштын ар кайсы аймактарында күйүп жаткан өрт тездик менен тозокко айланып баратат»,-деп эскерткен Гутерриш:«Жакынкы Чыгыштын элин азапка салган, туңгуюкка түртүп жаткан чыңалуунун күчөшүнө «токто» деп айтууга убакыт жетти»,-деди.
Гутерриш ар бир чыңалуу кийинкисине жол ачканын белгиледи.
Антонио Гутерриш эл аралык коомчулукту да убакыт азайып баратканы менен эскертти.