Байден бороондон жабыркаган аймактарга барды

АКШнын вице-президенти Камала Харрис болсо бороон-чапкындан жапа чеккен Жоржияда текшерүүлөрдү жүргүздү.

2194193
Байден бороондон жабыркаган аймактарга барды

Америка Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден «Хелен» бороонунан эң көп жабыр тарткан Түндүк Каролина менен Түштүк Каролина штаттарын мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүүгө убада берди.

Жо Байден, өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарына таасирин тийгизген жана чоң зыянга себеп болгон «Хелен» бороонунан кийин эки штатка барып текшерүүлөрдү жүргүздү.

Жалпы 70тен ашуун киши каза тапкан Түштүк Каролина менен Түндүк Каролинага 1000 аскердин жөнөтүлүшүнө буйрук бергенин жана бюджеттен керектүү бардык колдоолордун тез арада которула турганын баса белгилеген Байден, бул жерлерди мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүүгө убада берди.

АКШнын вице-президенти Камала Харрис болсо бороон-чапкындан жапа чеккен Жоржияда текшерүүлөрдү жүргүздү.

Флориданын түндүк-батыш жээгине болжол менен 225 километр ылдамдыкта жеткен бороон тез арада Жоржия, Виржиния, Түштүк Каролина, Түндүк Каролина жана Теннесси штаттарын каптаган.  

Президент Байден Флорида жана Түндүк Каролина штаттарында "апаат абалын" жарыялап, бороондон терс таасирленгендер үчүн  "федералдык жардам" көрсөтүү буйругун берген.



Тектеш кабарлар