Марк Рютте НАТОнун баш катчысынын милдетин Йенс Столтенбергден өткөрүп алды
Башкы катчылыктын Столтенбергден Рюттеге өткөрүлүшү үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда расмий азем өткөрүлдү.
Марк Рютте расмий түрдө НАТОнун баш катчысынын милдетин Йенс Столтенбергден өткөрүп алды.
Башкы катчылыктын Столтенбергден Рюттеге өткөрүлүшү үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда расмий азем өткөрүлдү.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Рютте бул милдетти өзүнө ишенип тапшырган бардык өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирди.
Столтенбергге кайрылган Рютте: «Сиз үлгүлүү башкы катчы болдуңуз. Бүгүн НАТО дагы чоңураак, күчтүүрөөк жана биримдиктүү. Бул сиздин лидерлигиңизден улам болду. Бир жагынан мураскоруңуз үчүн тууну бийиктетип койдуңуз, бирок экинчи жагынан, мага бекем союзду мурастоого мүмкүнчүлүк бердиңиз»,-деди.
«Мен НАТОну келечектеги чакырыктарга даярдоого чечкиндүүмүн»,-деп айткан Рютте анын артыкчылыктары НАТОну күчтүү кармап туруу, жамааттык коргонуунун бардык коркунучтарга каршы эффективдүү жана ишенимдүү бойдон калышын камсыз кылуу, коргонууга көбүрөөк каражат сарптоо жана инвестиция салуу, Украинага колдоону арттыруу жана бул өлкөнү НАТОго жакындатуу жана анын мүчөлүгү үчүн иштөө, Европа Биримдиги баш болгон Азия-Тынч океан сыяктуу аймактарда бирдей баалуулуктарды бөлүшкөн өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүү экенин белгиледи.
Украинанын НАТОнун мүчөсү болушу керектигин баса белгилеген Марк Рютте: «Күчтүү жана көз карандысыз Украина болмоюнча Европада туруктуу коопсуздук болушу мүмкүн эмес»,-деп өз баасын берди.
Жаңы баш катчы Евробиримдикти НАТОнун «уникалдуу жана негизги өнөктөшү» катары мүнөздөп, кызматташтыкты өнүктүрүү жана улантуу керектигин баса белгиледи.
Йенс Столтенберг болсо Рюттенин Нидерландияда төрт коалициялык өкмөттү жетектегенин эске салып: «Сиз мунасага келүүнү билгендигиңизди көрсөттүңүз. Бул НАТОдо абдан баалана турган нерсе. Бирок ошол эле учурда сиз биздин негизги баалуулуктарыбыздан жана принциптерибизден баш тартпай турганыңызды да көрсөттүңүз»,-деди.
Кийинчерээк Столтенберг өз ордун Рюттеге өткөрүп берди.