АКШдагы "Хелен" бороону: 133 адам каза болду
АКШнын президенти Жо Байдендин бороондон жабыркаган аймактарга ушул аптада барары күтүлүүдө.
АКШдагы "Хелен" бороонунан каза болгондордун саны 133төн ашты.
Флорида жээктерине болжол менен 225 километр ылдамдык менен кирген "Хелен" бороонунун аймактагы терс таасирлери уланууда.
Бороондон улам нөшөрлөгөн жамгыр жаап катуу шамал болгон Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Жоржия, Флорида жана Виржиния штаттарында кеминде 133 киши каза тапты.
Бороон-чапкындын айынан 1000ден ашуун адам баш калкалоочу жайларда калды.
АКШнын президенти Жо Байдендин бороондон жабыркаган аймактарга ушул аптада барары күтүлүүдө.
Бороон тез эле Жоржия, Түштүк Каролина, Түндүк Каролина жана Теннесси штаттарына да таасирин тийгизген.
Флоридада 1 миллион 200 миң, Жоржияда 1 миллион, Түштүк Каролинада 1 миллион 300 миң жана Түндүк Каролинада 600 миң үй жана жумуш ордунда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Президент Байден Флорида жана Түндүк Каролина штаттарында "апаат абалын" жарыялап, бороондон терс таасирленгендер үчүн "федералдык жардам" көрсөтүү буйругун берген.