АКШда «Хелен» бороону: 64 адам каза болду
Флориданын түндүк-батыш жээктерине болжол менен 225 километр ылдамдык менен келген «Хелен» бороонунун таасирлери уланууда.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Флорида штатынын жээк сызыгында 4-категорияга жеткен «Хелен» бороон-чапкыны себеп болгон апааттарда эң аз 64 киши каза болду.
Флориданын түндүк-батыш жээктерине болжол менен 225 километр ылдамдык менен келген «Хелен» бороонунун таасирлери уланууда.
Жооптуу кызматкерлер бороон-чапкын таасирдүү болгон Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Жоржия, Флорида жана Виржиния штаттарында эң аз 64 кишинин каза болгонун билдирди.
Чоң материалдык чыгымга алып келген бороон-чапкындан улам миллиондогон адамдардын электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы уланып жатканы билдирилди.
Ак үйдөн жасалган билдирүүгө караганда, АКШнын президенти Жо Байден Флорида жана Түндүк Каролинада «кырсык абалын» жарыялап, бороондон терс таасирленгендер үчүн «федералдык жардамга» буйрук берди.
АКШнын Улуттук Бороон Борбору бороон-чапкындын таасири дем алыш күндөрү да улана турганын жарыялады.
Адистер «Хелен» бороонунан улам АКШнын түштүк-чыгышында 15 миллиарддан 26 миллиард долларга чейин материалдык чыгымдын күтүлүп жатканын жарыялашты.
Флорида штатынын түндүк-батыш жээктерин тез каптаган бороон тез эле Жоржия, Түштүк Каролина, Түндүк Каролина жана Теннесси штаттарын каптап кетти.
Тектеш кабарлар
Орусия Google компаниясына 8 миллиард рубль айып салды
Google компаниясына каршы козголгон доо борбор Москвада каралды.