Грецияда Батыш Нил вирусу
Өлкөдө жыл башынан бери аныкталган Батыш Нил вирусуна чалдыккандардын санынын 192ге жеткени, жуктурган учурлардын көбөйүшү мүмкүн экендиги маалымдалды.
Грецияда акыркы бир жумада Батыш Нил вирусунан 3 киши каза болду.
Грециянын Улуттук саламаттык сактоо мекемесинин (EODY) билдирүүсүндө, өлкөдө акыркы бир жумада 12 жаңы учур катталганы белгиленди.
Билдирүүдө акыркы бир жуманын ичинде вирустун себебинен 3 кишинин каза болгону кабарланды.
Өлкөдө жыл башынан бери аныкталган Батыш Нил вирусуна чалдыккандардын санынын 192ге жеткени, жуктурган учурлардын көбөйүшү мүмкүн экендиги маалымдалды. Билдирүүдө учурлардын көбүнчө Лариса, Лефкада, Превеза, Халкидики, Пелла, Пиерия, Серрес, Родоп, Драма, Мерич, Ксанти, Кавала, Тассос жана Афинада катталгандыгы айтылды.
Тектеш кабарлар
Tesla 2 миң 431 унаасын чакыртып алды
Билдирүүдө 2 миң 431 унаанын инвертордогу бузулуулардан улам кайра чакыртылып алынганы белгиленди.
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газа тилкесине 405 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.