Суданда холерадан каза болгондордун саны 348ге жетти
5 аймакта да сары безгек оорусунун да бар экендиги белгиленип, 2 кишинин каза болгондугу маалымдалды.
Суданда холера эпидемиясынан каза болгондордун саны 348ге жетти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта холера эпидемиясынын 9 аймакка жайылганы жана жалпы оорулуу саны 11 миң 79га жеткендиги айтылды. Билдирүүдө холердан улам каза болгондордун санынын 348ге чыккандыгы билдирилди. 5 аймакта да сары безгек оорусунун да бар экендиги белгиленип, 2 кишинин каза болгондугу маалымдалды.
Өлкөдө июнь айынан бери катуу жаап жаткан жамгыр жана селдер холеранын жайылышына жол ачты. Жетекчилер холераны 12 - августта эпидемия деп жарыялады. Согуш уланып жаткан Суданда саламаттыкты сактоо системасы иштебеген бул мезгилде эпидемия ооруларынын жайылышы адамдардын турмушун дагы да кыйындатууда.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.